Бишкек, 27.07.26. /Кабар/. Шанхай кызматташтык уюму тездик менен өнүгүп, аймактык уюмдан транс аймактык деңгээлдеги уюмга айланып бара жатат. Бул тууралуу ШКУ Катчылыгынын улук эксперти Кадырбек Сарбаев “Кабар” агенттигине билдирди.
Анын айтымында, учурда ШКУнун курамында 10 мүчө мамлекет жана 17 өнөктөш өлкө бар. Натыйжада уюмдун алкагындагы мамлекеттердин жалпы саны 27ге жетти.
“Жалпыга маалымдоо каражаттарына байланыштуу бүгүнкү күндө таптакыр башкача көз караш калыптанууда. Бул жаңы доордогу жаңыча түшүнүк деп эсептейм. Бул мурдагы көнүмүш түшүнүктөр эмес, жаңыча ой жүгүртүү. Анткени ШКУнун негизги принциптери — өз ара ишеним, жакшы коңшулук жана уюмдун бардык мейкиндигинде коопсуздукту чыңдоо”, — деди эксперт.
Сарбаев азыркы маалымат мейкиндиги тездик менен өзгөрүп жаткан шартта журналисттердин ролу абдан жогору экенин белгиледи.
“Бүгүнкү күндө маалымат мейкиндиги ыкчам өзгөрүп жаткандыктан журналисттердин ролу чоң. Ар кандай маалыматтык билдирүүлөр, анын ичинде оң да, терс да багыттагы маалыматтар таралууда. Ошондуктан өтө кылдат мамиле кылуу зарыл”, — деди ал.
Анын айтымында, дал ушул себептен ШКУнун алкагында саммиттер, форумдар жана ЖМК өкүлдөрүнүн катышуусундагы башка иш-чаралар уюштурулуп келет. Ошондой эле журналисттик жана эксперттик коомчулуктун өз ара кызматташуусу маанилүү багыттардын бири болууда.
“Жакшы жагы — биз жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен катар эксперттик коомчулукту да тартып жатабыз. Учурда ШКУ аянтчасында эксперттик деңгээлде, анын ичинде жасалма интеллект маселелери боюнча иштер жүргүзүлүүдө”, — деп билдирди Сарбаев.
Ал жакынкы аралыкта ШКУга мүчө мамлекеттердин өкүлдөрүнүн катышуусунда эксперттик жыйын өтөрүн айтып, анда жасалма интеллектти өнүктүрүү боюнча биргелешкен ыкмаларды иштеп чыгуу жана бул багыттагы изилдөө маселелери талкууланарын белгиледи.
“Бул жөнөкөй маселе эмес. Ошондуктан эксперттик жолугушуулардын негизги максаты — биргелешкен мамилелерди жана жалпы сунуштарды иштеп чыгуу”, — деп жыйынтыктады ШКУ Катчылыгынын эксперти.
Эске салсак, бүгүн Бишкекте ШКУга мүчө мамлекеттердин ЖМК жана аналитикалык борборлорунун биринчи форуму өтүүдө. Иш-чараны Кыргыз улуттук маалымат агенттиги “Кабар” жана Кытайдын Синьхуа маалымат агенттиги уюштурууда.
Форумга 26 өлкөдөн 250гө жакын өкүл, анын ичинде ири маалымат агенттиктеринин жетекчилери, ЖМК өкүлдөрү, аналитикалык борборлордун, илимий мекемелердин, мамлекеттик органдардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда.
Форумдун темасы — “Жаңы доордогу ШКУ: өз ара түшүнүшүүдөн практикалык кызматташтыкка карай” деп аталат.
Катышуучулар эл аралык маалыматтык кызматташтыкты өнүктүрүү, медиа чөйрөнү санариптештирүү, гуманитардык байланыштарды чыңдоо жана дүйнөлүк маалымат мейкиндигиндеги заманбап чакырыктарды талкуулап жатышат.