Кадамжайда үйүндө баңги өсүмдүгүн өстүргөн жаран кармалды

Укук тартиби 11 август 2025 12:35
530505487_24413747754913735_6501909782188390840_n.jpg
530443841_24413747968247047_3239636689778354949_n.jpg
530463029_24413748344913676_4839344256835689806_n.jpg
530984601_24413748101580367_1704951120274735075_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Баткен облустук ички иштер башкармалыгы

Бишкек, 11.08.25. /Кабар/. Кадамжайда жашыруун баңги өсүмдүгүн өстүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кадамжай районунун 65 жаштагы тургуну үйүнүн короосунда баңги өсүмдүгүн мыйзамсыз өстүрүп жүргөн. Бул багытта ыкчам иликтөө иш-чаралары уюштурулуп, кароо жүргүзүү учурунда анын короосунан жана жүзүм дарагынын арасынан өзгөчө жыты бар, бою 2 метрге жеткен 4 түп баңги өсүмдүгү табылды.

Тиешелүү иш-аракеттердин жүрүшүндө бул өсүмдүк 13 кг 094 грамм салмактагы конопля өсүмдүгү экени аныкталган.

Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, ага карата тиешелүү кылмыш иши козголду.