Бишкек, 25.09.25. /Кабар/. Кадамжайда дээрлик 5 кг баңгизат менен коңшу өлкөнүн жараны кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кадамжай РИИБдин ыкчам кызматкерлерине кошуна мамлекеттин жараны “Х” Баткен облусу аркылуу башка өлкөгө баңгизат ташып жатканы тууралуу ыкчам маалымат түшкөн.
Маалымат тиешелүү тартипте каттоого алынып, "Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Райондук милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн атайын иш-чаранын натыйжасында Айрыбаз айылынын аймагында жөө бара жаткан жеринен кошуна мамлекеттин 25 жаштагы жараны Т.К. кармалган.
Анын жанынан өзгөчө жыты бар, скотч менен оролгон 5 даана баңгизатына окшогон зат табылып, 3 даана уюлдук телефон, тамеки, өзүнүн мамлекетинин валютасы, медициналык беткап жана бет арчу табылды.
Табылган заттын жалпы салмагы — 4 кг 965 граммды түздү.
Шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, заттар тиешелүү экспертизага жөнөтүлдү. Учурда кошумча тергөө жана ыкчам иликтөө иштери уланууда.