Кадамжайда Бүргөндү массивин толук өздөштүрүү үчүн кошумча канал курулат

Аймак 07 Август 2025 13:22
d04ccfd1-1253-4a92-9747-74696116a8aa.jpeg
e7e69606-e45d-4e16-94ad-f7749ac063f8.jpeg
d64c5c7c-c6f5-48d5-8c2d-8323881b8c02.jpeg
72317a62-3ab7-401a-8283-cc65ea4cc838.jpeg
4d4699a2-3cd4-4342-ae35-b531f1048b6b.jpeg
2ba85253-b4c3-479d-9c29-dc9f105da57c.jpeg
Алдыга
Артка
d04ccfd1-1253-4a92-9747-74696116a8aa.jpeg
e7e69606-e45d-4e16-94ad-f7749ac063f8.jpeg
d64c5c7c-c6f5-48d5-8c2d-8323881b8c02.jpeg
72317a62-3ab7-401a-8283-cc65ea4cc838.jpeg
4d4699a2-3cd4-4342-ae35-b531f1048b6b.jpeg
2ba85253-b4c3-479d-9c29-dc9f105da57c.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 07.08.25. /Кабар/. Жакында Кадамжай районунун Бүргөндү массивин толук өздөштүрүү үчүн кошумча канал куруу иштери башталат.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, Бүргөндү массивинин жалпы аянты 12 438 гектарды түзөт.

Учурда анын 7 200 гектары өздөштүрүлүп, дыйкандарга берилген. Ал эми Бүргөндү каналынын 80+00 пикетинен алынган Дюкердин астындагы 3500 гектар жер толук өздөштүрүлүп, пайдаланылууда. Бүгүнкү күндө Бүргөндү магистралдык каналынын суу алуу сыйымдуулугу 18,8 м³/сек түзөт. Бирок, аймактагы жер кыртышынын шагылдуу жана таштак болушуна байланыштуу сугат сууну нормадан көп талап кылат.

Ошондуктан, калган жаңы жерлерди өздөштүрүү максатында каналдын башынан 100+00 пикетке чейин анын суу өткөрүү мүмкүнчүлүгүн 35 м³/секке чейин жогорулатуу зарылчылыгы жаралууда.

Долбоор ишке ашса, кошумча параллелдүү каналдын курулушу аркылуу төмөнкү жыйынтыктарга жетишилет:

  • Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн 5250 гектар эгин талаалары сугат суу менен туруктуу камсыз болот;
  • жаңы ачылган Дюкер тилкесиндеги 3500 гектар жерге да суу жетет;
  • Кыргыз-Кыштак айылындагы 2100 гектар аянтта сугат суу жеткиликтүүлүгү жогорулайт;

Мындан сырткары, кошумча 2000 гектар жаңы сугат жер өздөштүрүлөт.