Кадамжайда айыл өкмөт кызматкери 50 миң сом пара менен кармалды

Укук тартиби 7 октябрь 2025 15:40
1.jpg
559130515_24907595622195610_7970685572989461209_n.jpg
559430842_24907593518862487_6474685934110380006_n.jpg
559697298_24907595638862275_7946271945630596914_n.jpg
560417615_24907593278862511_7946959269295989564_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Баткен облустук ички иштер башкармалыгы

Бишкек, 07.10.25. /Кабар/. Кадамжайда пара менен кармалган айыл өкмөттүн өкүлүнө кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 6-октябрда Молдо-Нияз айыл аймагынын өкүлү 40 жаштагы Т.С. 20 гектар жер тилкесин мыйзамдаштырып берүү үчүн ошол айылдын тургуну С.Н.дан 50 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды.

Иш-чара Кадамжай РИИБдин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан жүргүзүлүп, шектүү жеринде кармалып, КР Кылмыш-жаза кодексинин "Пара алуу" беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.

Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди, тергөө иштери уланууда.