Бишкек, 30.07.26 /Кабар/. «Кабар» Кыргыз улуттук маалымат агенттиги Кыргыз Республикасынын Шанхай кызматташтык уюмундагы төрагалыгынын алкагында 2026-жылдын 27–30-июль күндөрү өткөн ШКУга мүчө мамлекеттердин ЖМКларынын жана аналитикалык борборлорунун форумун өткөрүүгө көрсөткөн колдоосу үчүн «Кыргыз Коньягы» ЖЧКсына терең ыраазычылык билдирет.
Форумдун алкагында «Кыргыз Коньягы» ЖЧКсы чет өлкөлүк делегаттарга Кыргызстандан эстелик белек катары тапшырылган сувенирдик продукцияны сунуштады.
Өнөктөштөрдүн колдоосу эл аралык деңгээлдеги иш-чараны татыктуу уюштурууга жана конокторду жогорку деңгээлде кабыл алуу үчүн зарыл шарттарды түзүүгө өбөлгө болду.
«Кабар» агенттиги «Кыргыз Коньягы» ЖЧКсынын форумду ийгиликтүү өткөрүүгө кошкон салымын жогору баалайт жана көрсөтүлгөн колдоосу, кызматташтыгы үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирет.
Көрсөтүлгөн ишеними, көмөгү жана өнөктөштүгү үчүн «Кыргыз Коньягы» ЖЧКсына дагы бир жолу терең ыраазычылык билдиребиз.