Бүгүнкү күндө Мамлекеттик ипотекалык компаниянын финансылык дарамети өсүп, уставдык капиталы 113 млрд сомдук тарыхый чекке өстү. Бул тууралуу "Кабар" маалымат агенттигине МИКтен билдиришти. Ишкананын басып өткөн жолуна көз чаптырсак, өсүш темпи таң калтырбай койбойт: 2015-жылы компаниянын капиталы болгону 10 млн сомду түзсө, 2020-жылга карай бул көрсөткүч 479 млн 600 миң сомго гана жеткен. Ал мезгилде ипотекалык насыялар коммерциялык банктар аркылуу калкка кыйла оор — 14 пайыздык үстөк менен берилип келген. Кийинчерек компаниянын иштөө тутуму түп тамырынан реформаланып, заманбап талаптарга шайкеш келген жаңы мыйзамдар кабыл алынып, натыйжалуу жоболор иштелип чыккан. Мунун артында бүгүнкү күндө калк үчүн ипотекалык турак жай алуу алда канча жеткиликтүү болууда. Анын ичинде миңдеген жаш үй-бүлөлөр мамлекет тарабынан жеңилдетилген шартта турай жайлуу болууда. Мамлекет жетекчилиги бул багытта алгылыктуу иштерди ырааттуу ишке ашырып келет. Жогоруда аталган маанилүү кадамдар тууралуу пикирин билдирген экономист Насирдин Шамшиев уставдык капиталдын мындай эбегейсиз көбөйүшү ипотекалык компаниянын финансылык туруктуулугун бекемдеп, сырттан кошумча ири инвестицияларды жана каражаттарды ишенимдүү тартууга кеңири жол ачарын белгиледи.

“МИКтин уставдык капиталын көбөйтүү жакшы көрүнүш. Себеби, кошумча капиталдын көбөйүшү жер тилкелерин сатып же ижарага алууга, турак үйлөрдү долбоорлоого жана курууга, инфраструктураны өнүктүрүүгө шарт түзөт. Уставдык капиталдын көбөйүшү жеткиликтүү ипотекалык программаны каржылоого багытталып, ипотекалык компанияга кошумча каражат тартууга мүмкүнчүлүк берет. Уставдык капитал канчалык көп болсо, ошончо күрөө коюп, насыя алууга, инвестиция тартууга мүмкүнчүлүк болот”, - дейт экономист.
МИКтин маалыматына ылайык, быйыл республика боюнча жалпысынан 20 миңден ашуун батирди пайдаланууга берүү пландалууда. Анын ичинде Бишкекте — 6 323, Чүй облусунда — 3 129, Манаста — 3 219, Ысык-Көлдө — 2 266, Ош облусунда — 1 458, Ош шаарында — 1 454, Баткенде — 1 420, Нарында — 433, Таласта — 319 батир тапшырылат.
“Бүгүнкү күндө 81 миңден ашык батирлердин курулушу Бишкек, Манас, Базар-Коргон, Кочкор-Ата, Ош, Өзгөн, Нарын, Кочкор, Каракол, Чолпон-Ата, Балыкчы, Талас, Баткен, Токмок, Кара-Балта шаарларында ошондой эле Чүй, Жалал-Абад, Ош жана Нарын облустарында жүрүп жатат. 2026-жылдын биринчи жарымында 1 848 үй-бүлө турак жай менен каржыланган”,- деп айткан президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине берген маегинде.

Президент Садыр Жапаров маектин жүрүшүндө билдиргендей, 2025-жылдын жыйынтыгы менен 4 662 үй-бүлө турак жай менен камсыз болсо, 2024-жылы бул көрсөткүч 1 197 үй-бүлөнү түзгөн.
“Биз узак мөөнөттүү максаттарды көздөп жатабыз. Мамлекеттик ипотекалык программа аркылуу 10–15 жылдын ичинде бүткүл айыл жерлеринде да Европадагыдай шарттары бар заманбап турак жайларды куруп берүүнү максат кылдык. МИКке дал ушундай тарыхый миссия жүктөлгөн”,- деп президент өз маегинде белгилеген.
Буга далил катары мамлекет башчысынын тапшырмасынын негизинде өлкөнүн бардык аймактарында заманбап көп кабаттуу турак жайлардын курулушу кызуу жүрүүдө. Үстүбүздөгү жылдын июнь айында эле Ысык-Көл облусунун Түп районунда, Кербен жана Гүлчө шаарларында жаңы турак жай комплекстеринин курулушуна старт берилди.
Ипотекалык үйлөрдүн облустарда курулушу аймактарды тең салмактуу өнүктүрүүгө жардам берерин Шамшиев өз сөзүндө белгиледи.

“Бишкекте болжол менен 1 млн 200 миңдей калк жашай турганы маалым. Элдин агымы борборду карай агылып, бардык курулуштар Бишкектин тегерегинде болсо, аймактык деңгээлде өнүгүү тең салмактуу болбой калат. Ошондуктан ипотекалык батирлердин облустарда курулушу аймактарды тең салмактуу өнүктүрүүгө жардам берет. Азыр турак жайда туурасынан эмес, бийиктикке карай өсүү болгондуктан, бир жерден эле турак жай алган адамдардын саны көбөйөт. Жарандарыбыз батир алып жашап баштаган соң, аларды жумуш менен камсыздоо, тамак-аш муктаждыгын чечүү сыяктуу маселелер келип чыгып, ошол жердин экономикасын өнүктүрүүгө шарт түзүлөт”, - деди экономист.
Белгилүү болгондой, аймактарда ипотеканын жаңы жеңилдетилген шарттары да күчүнө кирген. Сатып алуучу турак жайдын баасынын 30%ын баштапкы төлөм катары төлөйт. Калган 20%ы батир пайдаланууга берилгенге чейин ыңгайлуу убакытта төлөнөт. Ал эми калган 50%ы батир тапшырылгандан кийин 15 жылга чейин жылдык 8% менен ипотекага берилет. Жарандар үчүн шарттарды жеңилдетүүгө багытталган жаңы өзгөртүүлөр Бишкек жана Ош шаарларынан тышкаркы аймактарга гана тиешелүү.

Ипотеканын шарттарына жана катышуучуларга коюлган талаптар токтолсок, программага 18 жаштан жогору, тандоо талаптарына жооп берген бардык өлкө жарандары катыша алышат. Программаны ишке ашыруунун алкагында жарандардын ар кандай категориялары үчүн турак жай баштапкы төлөмсүз, жылдык 4-8% менен 25 жылга үч багыт боюнча берилет:
“Социалдык ипотека”
- Көп балалуу үй-бүлөлөргө, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жана алардын камкорчуларына, жалгыз бой энелерге берилет. Ошондой эле балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү – томолой жетимдерге жана 35 жашка чейинки жаш адистерди айыл жергесине калтыруу үчүн жылдык 4% менен баштапкы төлөмсүз 25 жылга берилет;
“Жеңилдетилген ипотека”
- Бюджеттик мекемелерде эмгектенген жарандар үчүн жылдык 4% менен баштапкы төлөмсүз 25 жылга берилет;
“Арзан ипотека”
- Ишмердигинин чөйрөсүнө карабастан эмгектенген жарандар үчүн жылдык 8% менен баштапкы төлөмсүз 25 жылга берилет.
“Үлүштүк курулуш”
- Бишкек жана Ош шаарларында курулуп жаткан турак жайдын баасынын 50%дан кем эмес баштапкы төгүмүн төлөө менен үлүштүк курулуш келишими аркылуу берилет. Калган 50% сумма батир пайдаланууга берилгенден кийин 15 жылга чейин жылдык 8 пайыз үстөк менен төлөнөт. Жогоруда белгиленгендей, аймактарда курулуп жаткан турак жайды да үлүштүк курулуш механизми менен алууга болот.
Ошондой эле, “Элдик банк” ААК менен биргеликте “Топтомо ипотекасы” атайын ипотекалык продуктусу ишке киргизилди, ал баштапкы салымдын 50 пайызын топтоого жардам берет.

Программанын алкагында курулуп жаткан объекттердин баасы жеткиликтүү деңгээлде. Курулуш иштери аяктагандан кийин турак жай программанын багыттары боюнча “Кийин сатып алуу менен ижара” механизми аркылуу кезекке ылайык узак мөөнөттүү ижарага берилет.
“Бүгүнкү күндө Кыргызстанда жалпысынан 90 миңден ашуун жаран Мамлекеттик ипотекалык компаниядан батир алуу үчүн кезекте турат. МИК аркылуу курулуп жаткан үйлөр жарандарыбыздын турак жай шарттарын жакшыртууга өбөлгө түзөт. Өзгөчө турак жай алууга каражаты жетишсиз жарандар, жаш үй-бүлөлөр үчүн жакшы мүмкүнчүлүк. Бюджеттик мекемелерде эмгектенген кызматкерлерди колдоо максатында да жеңилдиктер каралган. Негизинен орточо кирешеси бар адамдарга үй шартын жакшыртууга жардам берет. Мында турак жай менен камсыз кылуу гана эмес, курулуш өндүрүшүн өстүрүүгө, транспорттун өнүгүшүнө, кошумча өндүрүштөрдүн жаралышына жана жумуш орундарынын түзүлүшүнө түрткү болот. Жыйынтыгында өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнө өбөлгө түзүлөт”, - деди экономист.
Эскерте кетсек, аталган турак жай программаларга катышуу үчүн арыздар “Түндүк” тиркемеси аркылуу кабыл алынат.