Бишкек, 02.03.26. /Кабар/. Иран Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун кеңсесине сокку урду. Бул тууралуу Ислам революциясынын сакчылар корпусуна (КСИР) шилтеме берүү менен IRNA жана Tasnim агенттиктери жазды.
Tasnim агенттиги Израилдин премьер-министринин тагдыры азырынча белгисиз экенин белгилейт.
Ирандык агенттиктердин маалыматы боюнча, чабуул учурунда "Хейбер" (Kheiber) орто аралыкка учуучу баллистикалык ракеталары колдонулган. Ошондой эле КСИРдин өкүлү Израилдин Аскердик аба күчтөрүнүн командачысынын жайгашкан жери да чабуулга кабылганын билдирди.