Катуу ысык эркектерге караганда аялдарга көбүрөк терс таасир этет

Дүйнө Загрузка... 10 Июль 2026 09:50
17836024074998417933_1200x630.png
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 10.07.26. /Кабар/. Аномалдуу ысык аба ырайы адамдардын ден соолугуна терс таасирин тийгизери белгилүү. Бирок, акыркы илимий изилдөөлөр көрсөткөндөй, катуу ысык эркектерге караганда аялдардын организмине көбүрөк күч келтирип, олуттуу коркунуч жаратат. Бул тууралуу эл аралык ЖМКлар жазышты.

Улуу Британиянын Улуттук саламаттык сактоо кызматынын (NHS) дарыгери, аялдардын ден соолугу боюнча адис Нигат Арифтин айтымында, катуу ысык аялдардын жүрөк-кан тамыр системасы үчүн өзгөчө "стресс-тест" болуп саналат.

Лондон университетинин колледжинин (UCL) Дүйнөлүк саламаттык сактоо институтунун илимий кеңешчиси Кэт Пинью-Гомес да аялдар арасында ысыктан улам келип чыккан өлүм учурлары көбүрөк катталарын белгилейт. Илимпоздор мунун негизги себептерин биологиялык жана социалдык-экономикалык факторлор менен түшүндүрүшөт.

Изилдөөлөр көрсөткөндөй, аялдардын организми эркектерге караганда азырак тер бөлүп чыгарат жана тердөө процесси жогорураак температурада башталат. Бул денедеги ашыкча ысыктын тез бөлүнүп чыгуусуна тоскоолдук жаратып, организмге качан күч келип жатканын байкоону кыйындатат. Ошондой эле аялдардын гормоналдык өзгөрүүлөрү мээдеги терморегуляция системасынын ишин татаалдаштырат.

Ошондой эле аялдардын айлык акысынын салыштырмалуу аздыгы же үй-бүлөдө жакындарына кам көрүү милдеттерин көбүрөк моюнга алгандыгы ысык күндөрү өздөрүнө кам көрүүгө убакыттын же мүмкүнчүлүктүн аз болушуна алып келет.

Аялдар орто эсеп менен эркектерге караганда узак жашашат. Ал эми жаш өткөн сайын организм ысыкка туруксуз болуп калат. Улуу курактагы адамдарда суусап жатканын сезбей калуу же кан басымын түшүрүүчү дарыларды ичүү сыяктуу жагдайлар ысыктан жабыркоо коркунучун андан бери жогорулатат.

Катуу ысыкта жүрөккө ашыкча күч келип, кан басымы төмөндөп кетиши мүмкүн. Мунун кесепети суюктуктун жана туздун жоголушу менен айкалышканда, адамды жылуулук соккусуна (тепловой удар) алып келет. Бул өзгөчө аялдардын ден соолугуна олуттуу коркунуч туудурат.