Издөөдө жүргөн курулуш компаниясынын директору кармалды

Укук тартиби Загрузка... 25 Март 2026 18:55
WhatsApp Image 2026-03-25 at 17.56.44.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 25.03.26. /Кабар/. "Оргтехстрой" ААКтын издөөдө жүргөн башкы директору кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Тергөөнүн маалыматына ылайык, 1968-жылы туулган И.К.М. аталган компаниянын негизги акционерлеринин бири жана ээси болуп туруп, инвесторлорду атайылап адаштыруу жолу менен кылмыштуу схемага барган. Ал курулуш иштерин жүргүзүү үчүн каржы жетишсиз экенин билип туруп, компаниянын активдерин күрөө катары көрсөтүп ири өлчөмдө инвестиция тарткан.

Күрөөгө коюлган активдер буга чейин эле үчүнчү жактарга сатылып кеткендиги аныкталган. Бул схеманын натыйжасында Кыргызстандын көптөгөн жарандарына ири өлчөмдөгү материалдык зыян келтирилген.

Жабыркаган жарандардын көптөгөн жамааттык кайрылууларынын негизинде шектүүгө карата мурда эл аралык издөө жарыяланган.

Натыйжада 24-мартта УКМК кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында И.К.М. кармалды. Учурда ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Бул кылмыштуу ишмердүүлүктүн башка жагдайларын жана аталган схемага катыштыгы бар башка адамдарды аныктоо боюнча иштер улантылууда.