Июнь айында Испанияда ысыктан улам 1000ден ашуун адам көз жумду

Дүйнө Загрузка... 02 Июль 2026 09:10
images (5).jpg

Бишкек, 02.07.26 /Кабар/. Испанияда июнь айында аномалдуу ысыкка байланыштуу 1029 адам каза болду. Бул ай метеобайкоолор жүргүзүлө баштагандан берки эң ысык июнь айларынын ичинен экинчи орунду ээледи. Аба температурасы беш күн катары менен 40°Cден жогору болду. Бул тууралуу АЗЕРТАЖ жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Испаниянын AEMET мамлекеттик метеорология агенттиги өткөн айдагы орточо температура климаттык нормадан 3,2 градуска жогору болгонун билдирди.

23-июнда катталган аптаптуу ысыктын эң күчөгөн маалында өлкөнүн 35,7 миллион тургуну, башкача айтканда, калктын болжол менен 73 пайызы ден соолугуна коркунуч жаралган аймактарда жашаган. Алардын 38 пайызы жогорку тобокелдик тобуна киргенин Reuters агенттиги жазды.

1975-жылдан бери июнь айында жалпы 12 жолу катуу ысык толкуну катталган болсо, алардын жарымы акыркы он жылдыкка туура келет.

"Бул жайдын башындагы ысык толкундары мурдагыга караганда кыйла көп кайталана баштаганын көрсөтөт", — деди AEMET агенттигинин өкүлү Рубен дель Кампо.

AEMET агенттигинин маалыматына ылайык, 1-июндан 30-июнга чейин өлкөдөгү метеостанцияларда абанын эң жогорку температурасы боюнча 165 рекорд жаңыланган.

Агенттик белгилегендей, быйылкы жайдагы биринчи ысык толкуну өлкөнүн түндүк аймактары үчүн өзгөчө болду. Ал өзүнүн күчтүүлүгү менен гана эмес, узакка созулганы жана туруктуулугу менен да айырмаланды.