Алдыдагы IV Элдик курултайда кыргыздын келечегин, тагдырын чече турган, өнүгүүгө багыт алган салмактуу маселелер көтөрүлүшү керек. Бул тууралуу “Кыргызстан улуттук Элдик курултай" ассоциациясынын теңтөрагасы Бейшенбек Абдразаков “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда өткөн I, II жана III Элдик курултайларда 30 жылдан бери чечилбей келген таза суу, электр энергиясы, мектеп, бала бакча жетишсиздиги сыяктуу көптөгөн маселелер көтөрүлгөн.
“Негизи курултайда социалдык маселелер абдан көп көтөрүлүүдө. Бирок, биринчиге караганда II жана III курултайда бул көйгөйлөр азыраак болду. Анткени, акыркы жылдары өлкөдөгү социалдык көйгөйлөр четинен чечилип жатат. Курултайда жалпы 700 делегаттын ичинен, ар бир райондон эки-үчтөн адам сүйлөсө, жалпы өлкө боюнча 130дан 180ге чейин делегат сөз сүйлөйт. Сүйлөгөндөн тышкары, жазуу түрүндөгү сунуштарды кошкондо жыл сайын 2-3 миң сунуш-пикир түшүүдө. Албетте, анын суу, электр, жол өңдүү маселелеринин 60 пайызы чечилет. Курултайда көтөрүлүп жаткан маселелердин ишке ашып, көйгөйлөр чечилип жатканы кубандырат”,- дейт Абдразаков.
Абдразаков IV Элдик курултайда суу, электр энергиясы, мектеп, канализация сыяктуу суроолорду таптакыр көтөрбөө зарылдыгын белгиледи.
“Көч бара-бара түзөлөт дегендей, IV Элдик курултай мурда өткөн курултайлардан жогорку деңгээлде өтөт деп ойлойм. Бир гана сунуш IV Элдик курултайда суу, электр энергиясы, мектеп, канализация деген маселени таптакыр көтөрбөш керек. Мындай маселелер жергиликтүү курултайларда эле айтылып, протоколдоштурулуп министрлер кабинетине берилсе, күн тартибине киргизилип чечилмекчи. Айтайын дегеним, менин оюмча алдыдагы курултайга чарба иштерин аралаштырбоо зарыл.

Курултайда кыргыздын келечегин, тагдырын чече турган салмактуу маселелер көтөрүлүшү керек. Алдыдагы курултайда “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгу жолу аталган президенттин программасын бекитүү керек. Бул программа кыргыздын тили, дини, каада-салты, үрп-адаты, тарыхы, айтор бардыгы камтылган документ. Жеке адамдын жүрүм-турумунан, маданиятынан, адебинен, ден соолугунун чыңдыгынан бери камтылган чоң документ кабыл алсак, бул кыргыздын руханий конституциясы болмокчу”,- дейт ал.
Ал ошондой эле жаңы келе турган Жогорку Кеңештин депутаттары “Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүү керек экендигин жана делегаттарды жергиликтүү курултайлардан бекитүү зарылдыгын айтты.
“Эң биринчиден делегаттарды жергиликтүү курултайлардан бекитүү зарыл. Ошондо майда-чүйдө маселелер жогорку курултайда көтөрүлбөй, бардыгы жеринде чечилет. Экинчиден делегаттардын иштөө мөөнөтүн мыйзам долбооруна 3 жыл деп жазганбыз бирок, депутаттар бир күндүк кылып койду. 3 жыл болбосо да бир жылдык кылып, көбүрөөк ыйгарым укук берүү керек. Курултай боюнча кабыл алынган конституциялык мыйзамда делегаттар "өкүлчүлүктүү орган" деп жазылып турат. Дагы бир маанилүү маселе курултайга билими, деңгээли туура келе турган татыктуу адамдар делегат болуп келишсе дейт элем. Алдыдагы курултайда конструктивдүү сунуштар берилип, эл, президент, парламент менен биргеликте чогуу иштеп, мамлекетибизди алдыга сүрөйбүз деген үмүттөмүн”,- деди Бейшенбек Абдразаков.
Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаровдун кезектеги IV Элдик курултайды өткөрүү жөнүндө кол койгон жарлыгына ылайык, IV Элдик курултай 2025-жылдын 22-декабрында Бишкек шаарында өтөт. Маалымдалгандай, учурда өлкө аймактарынан 700 делегатты шайлоо, курултайды өткөрүү жана координациялоо үчүн уюштуруу комитети түзүлгөн.