Бишкек, 26.05.26. /Кабар/. Италиялык легендарлуу Ferrari компаниясы өзүнүн алгачкы толугу менен электрлештирилген унаасын — төрт эшиктүү Ferrari Luce суперкарын расмий түрдө тартуулады. Бул тууралуу Reuters агенттигине шилтеме менен Казинформ жазды.
Бул долбоор спорттук унааларды чыгарган атактуу бренд үчүн акыркы жылдардагы эң тобокелчил жана ошону менен бирге эң көп күтүлгөн кадамдардын бири болгону белгиленүүдө.
Ferrari`нин жаңы электромобили саатына 310 чакырымга чейинки ылдамдыкта жүрө алат, ал эми анын баасы 500 миң евродон ашат.
Италия тилинен которгондо "Luce" сөзү "Жарык" деген маанини билдирет. Бул модель өзүнүн форматы жана дизайны боюнча Ferrari`нин салттуу унааларынан кыйла айырмаланып турат.
Ferrari Luce моделин иштеп чыгууга Apple компаниясынын мурдагы башкы дизайнери Жони Айвдын LoveFrom студиясы катышкан.
Маалымат булактарынын билдиришинче, электрокардын кузову чоңурак келип, сырткы көрүнүшү бренддин классикалык моделдерине такыр окшошпогон өзгөчө стилде жасалган.
Эксперттер Ferrari`нин алгачкы электромобилинин жарыкка чыгышын люкс классындагы суперкарлар индустриясы үчүн абдан маанилүү тарыхый кадам деп аташууда.
Электрдик Ferrari`ни иштеп чыгуу көптөгөн жылдар бою жүргүзүлгөнү белгилүү. Бул багыттагы даярдык мындан он жылдан ашык убакыт мурун "Формула-1" болиддерине гибриддик технологияларды киргизүү менен башталган. Ал эми алгачкы сериялык гибриддик моделдерин компания 2019-жылдан тарта чыгара баштаган.
Жаңы Ferrari Luce суперкарын кардарларга алгачкы жеткирүүлөр ушул жылдын октябрь айында башталат.