Бишкек, 16.02.26. /Кабар/. Италиянын түндүк-батышындагы Курмайёр (Валле-д'Аоста облусу) тоо лыжа курортунда кар көчкү жүрүп, натыйжада 29 жаштан 35 жашка чейинки курактагы француз улутундагы үч лыжачы каза болду.
La Repubblica гезити жазгандай, алардын экөө жекшемби күнү окуя болгон жерде дароо жан берген. Ал эми үчүнчүсү куткаруучулар тарабынан табылып, оор абалда ооруканага жеткирилгенден кийин каза болгон.
Такталган маалымат боюнча, үч француз кар көчкү коркунучу жарыяланган аймакта болушкан. Ал жерде 2,4 миң метр бийиктикке чейин беш баллдык шкала менен үч баллдык, ал эми андан жогору бийиктиктерде төрт баллдык коркунуч бар экени эскертилген. Куткаруу жана издөө иштерине альпинисттик куткаруу кызматынын эки тик учагы тартылган. Лыжачылар бир метрлик кар катмарынын астында калышкан.