Бишкек, 09.03.26. /Кабар/. Италияда 2026-жылдагы XIV кышкы Паралимпиада оюндары өтүүдө. Бул тууралуу ТАСС кабарлайт.
Маалыматка ылайык, мелдеш Италияда экинчи жолу өтүп жатат. 2006-жылы Турин кышкы оюндарды өткөргөн. Олимпиада оюндарындагыдай эле, мелдеш үч негизги жерде өтүүдө: Милан (муз спорту), Кортина-д'Ампеццо (тоо лыжасы, сноуборд, майыптар коляскасындагы керлинг) жана Валь-ди-Фьемме (скандинавиялык дисциплиналар) паралимпиада спортунун борборуна айланды.
Кышкы оюндарда 50 өлкөдөн келген 650гө жакын параспортчу спорттун 79 түрү боюнча медалдар үчүн ат салышууда. Паралимпиада оюндары 10 күнгө созулат.
Паралимпиаданын жабылуу аземи 15-мартта Кортина-д'Ампеццодогу хоккей стадионунда өтөт.