IT-мектеп жана музей: Таласта "Баластан" борборунун курулушу аяктоодо — Кабар

IT-мектеп жана музей: Таласта "Баластан" борборунун курулушу аяктоодо

Аймак 29 август 2026 12:40
IMG_1602_5dMdtQo.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon KABAR Кабар

Бишкек, 29.08.26. /Кабар/. Талас шаарында балдар үчүн билим берүү жана көңүл ачуу борбору – "Баластандын" курулушу аяктап жатат. Борбордо IT-мектеп, Кыргызстандагы алгачкы санарип борбор жана өлкөнүн тарыхый-маданий мурасына арналган музей иштейт. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы өкүлү Эрмат Жумаев билдирди.

Анын айтымында, "Баластан" 7 гектар аянтта жайгашкан. Анын ичинен 20 миң чарчы метрге жакын аянт курулуш иштерине бөлүнгөн.

Эки кабаттуу имараттардын биринде балдар маалыматтык технологияларды үйрөнө турган IT-мектеп жайгашат.

Ошондой эле борбордун аймагында Кыргызстандын тарыхый-маданий мурасына арналган Кыргызстан музейи иштейт.

"Музейде Кыргызстандын тарыхый жана маданий жайларынын макеттери коюлат. Балдар атайын роботтун жардамы менен өлкөнүн тарыхы жана көрүүгө арзый турган жайлары тууралуу маалымат ала алышат. Мындан тышкары, борбордо жума сайын робот-шоуларды өткөрүү жана робототехника боюнча сабактарды уюштуруу пландалууда. Ошондой эле бул жерде Кыргызстандагы алгачкы санарип борбору түзүлөт", - деди ал.

Ошондой эле Жумаев "Баластанда" кинотеатр, балдардын көңүл ачуу борбору, "Балдар дүйнөсү" зонасы, фудкорт жана соода жайлары да каралганын белгиледи. Объекттин курулушу болжол менен бир жарым жыл убакытка созулган. Аны ишке ашырууга 1,8 млрд сом багытталган.

Курулуш иштерин 5-сентябрга чейин аяктоо пландалууда.

"Баластан" эгемендүүлүктүн 35 жылдыгын белгилөөгө даярдыктын алкагында Талас облусунда ишке ашырылып жаткан ири объектилердин бири болуп саналат.