Бишкек, 30.12.25 /Кабар/. Испаниянын Пиреней тоолорундагы Пантекоса лыжа курортунун аймагында кар көчкү түшүп, анын кесепетинен үч лыжачы каза болду. Дагы бир аял жеңил даражадагы үшүккө учурап, ооруканага жеткирилгенин РИА Новости билдирет.
Маалыматта белгиленгендей, окуя Уэска провинциясында, деңиз деңгээлинен болжол менен 2,2 миң метр бийиктикте болгон. Баск өлкөсүнөн келген алты адамдан турган топ лыжа тээп жаткан учурда кар көчкү астында калган.
Эки эркек жана бир аял каза болуп, дагы бир аял жеңил жаракат алган. Калган эки адам жабыркаган эмес.
Каза болгондордун сөөктөрү Уэска шаарындагы соттук-медициналык институтка өткөрүлүп берилет. Кар астынан куткарылган аял гипотермия диагнозу менен Сан-Хорхе ооруканасына жаткырылды.