Испаниялык журналист: Көк бөрү мага өзгөчө таасир калтырды

Көчмөндөр оюндары-2026 6 сентябрь 2026 13:35
Испаниялык журналист: Көк бөрү мага өзгөчө таасир калтырды
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Ысык-Көл, 06.09.26. /Кабар/. Испаниялык журналист Карлес Монтравета-и-Риу VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы көк бөрү оюну жана Кырчын жайлоосундагы иш-чаралар ага өзгөчө таасир калтырганын айтты.

Ал Каталониянын Барселонага жакын аймагындагы айылдардын биринен экенин, фрилансер катары Каталониянын ар кандай маалымат каражаттары менен кызматташарын билдирди.

“Испаниядан Көчмөндөр оюндарына 3-4 журналист келдик. Ал эми спортчулардын саны 40тан ашат. Бул жерде мага эң жакканы — көк бөрү оюну болду. Ошондой эле Кырчында уюштурулган иш-чаралар да абдан жакты.
Көчмөндөр оюндарын абдан мыкты иш-чаралардын бири катары баалайм. Анткени бул оюндар мурдагы көчмөндөрдүн салтын эске салат. Аларды кайрадан жандандырып, эскерип туруу абдан маанилүү.
Кырчында ат үстүндө жаа атууну да көрдүм. Аттын үстүндө туруп жаа атуу менен көк бөрү оюну абдан кызыктуу болду жана мага чоң таасир калтырды” — деди ал.