Испаниядагы табигый өрттөн 11 адам каза болду

Дүйнө Загрузка... 10 Июль 2026 15:40
17836700791764260145_1200x630.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 10.07.26. /Кабар/. Испаниянын түштүк-чыгышындагы Андалусия аймагында болгон табигый өрттүн кесепетинен кеминде 11 адам набыт болду.

АЗЕРТАЖ маалымдагандай, "EFE" агенттиги өзгөчө кырдаал учурундагы башкаруунун татаалдыгынан улам бул сан дагы өзгөрүшү мүмкүн экенин билдирди. Расмий тараптар бул өрттү болуп көрбөгөндөй трагедия жана Андалусия тарыхындагы эң кыйраткыч табигый өрт катары мүнөздөштү.

Алдын ала маалыматтар боюнча, өрт электр чубалгыларынын үзүлүшүнөн улам чыккан. Алгач кургак чөптөр күйүп, катуу шамалдан улам жалын тез арада чектеш токой тилкесине жайылган.