Бишкек, 28.07.26 /Кабар/. Испаниянын бийлиги токой өрттөрүнө байланыштуу 170 миңден ашуун адамды эвакуациялады же үйлөрүнөн чыкпоого чакырды. Бул тууралуу ABC гезити жазды.
"Испанияда өрттөн улам 170 миңден ашуун адам эвакуацияланды же үйлөрүндө калууга аргасыз болду", — деп жазат басылма.
Гезиттин маалыматына караганда, Авила жана Толедо провинцияларындагы өрт Мадрид автономдук аймагына да жайылып, 14 муниципалитетте 63 миң 152 адам эвакуацияланган. Ал эми 27 миң 797 адамга үйлөрүнөн чыкпоо сунушталган.
Мындан тышкары, Кастельон провинциясында чыккан өрттөн улам 16 миң адам эвакуацияланган. Дагы 65 миң адамга үйлөрүнөн чыкпоо сунушталган.
Буга чейин Испаниянын бийлиги токой өрттөрүнүн жайылышына байланыштуу Мадрид автономдук аймагында, ошондой эле Авила жана Толедо провинцияларында жалпы улуттук деңгээлдеги өзгөчө кырдаал режимин жарыялаган.