Испанияда поезд кырсыгынан каза болгондордун саны 42ге жетти

Дүйнө Загрузка... 21 Январь 2026 09:20
9a52c34e-994f-4614-8867-8c1deedcbff2.jpeg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 21.01.26. /Кабар/. Испаниянын Кордова провинциясындагы Адамус шаарында эки жогорку ылдамдыктагы поезддин кагылышуусунан улам каза болгондордун саны 42ге жетти. Бул тууралуу БелТА El Mundo гезитине шилтеме келтирип жазды.

Маалыматка караганда, буга чейин көз жумгандардын саны 41, жаракат алгандардын саны 152 болгон.

Жаракат алган 122 адамга медициналык жардам көрсөтүлгөн.

39 адам дале ооруканада, алардын 35и чоң киши жана төртөө балдар.

Белгилей кетсек, поезд кырсыгы 18-январда болгон. Малагадан Мадридге жана Мадридден Уэльвага бара жаткан поезддер кырсыкка учураган. Анда бир поезд рельстен чыгып кетип, кийинки поезд менен кагылышкан.

Кырсыкка байланыштуу өлкөдө үч күндүк аза күтүү жарыяланды.