Бишкек, 04.02.26. /Кабар/. Испания бийлиги 16 жашка чейинки балдарды коркунучтардан коргоо үчүн социалдык тармакты колдонууга тыюу салууну пландап жатат, деп Associated Press билдиргенин Интерфакс кабарлады.
Маалыматка ылайык, өлкөнүн премьер-министри Педро Санчес БАЭдеги саммитте балдардын интернет мейкиндигине кирүүсү мындан ары чектелерин айткан. Санчес ошондой эле дүйнөдөгү эң ири технологиялык компанияларды өз платформаларында тыюу салынган контентти таратканы үчүн сынга алды.
Буга чейин Австралия жана Франция сыяктуу бир катар өлкөлөр балдардын социалдык тармакка кирүүсүнө чектөөлөрдү жарыялашкан.
Ушул жылдын январь айында Финляндия өкмөтү 15 жашка чейинки балдардын социалдык тармакты колдонуусуна тыюу салууга даярданып жатканы да кабарланган.
Эксперттердин пикиринде, экрандын алдында убакыт өткөрүү балдар жана жаштардын физикалык активдүүлүгүн азайтат, бул алардын ден соолугуна терс таасирин тийгизет.