Кыргызстан-Пакистан кызматташтыгы жаңы баскычка чыгат. Эки өлкөнүн ТИМ башчылары жолукту

Тышкы саясат Загрузка... 04 Декабрь 2025 11:35
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon ТИМ

Бишкек, 03.12.25 /Кабар/. Күн мурун тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Пакистандын премьер-министринин орун басары - тышкы иштер министри Мухаммад Исхак Дар менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуу президент Садыр Жапаровдун Пакистанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында өттү.

Жолугушуу учурунда эки тараптуу күн тартибиндеги кеңири чөйрөдөгү маселелер боюнча ачык жана конструктивдүү пикир алмашуу болду. Алар саясий диалогду мындан ары чыңдоо жана өз ара урмат-сый менен ишенимге негизделген ар тараптуу кызматташууну өркүндөтүүгө бекем берилгендигин тастыкташты.

Министр Кулубаев соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты активдештирүү зарылдыгын өзгөчө белгиледи. Ал бул багыттардагы өз ара аракеттенүүнүн кеңейиши эки өлкөнүн ишкерлеринин байланышын тереңдетип, өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмүнүн олуттуу өсүшүнө өбөлгө түзөрүн айтты.

Ошондой эле тараптар регионалдык коопсуздук маселелерин талкуулап, заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга каршы күрөштө аракеттерди координациялоонун маанилүүлүгүн белгилешти. Бул тармакта тиешелүү мамлекеттик органдардын өз ара байланышын күчөтүүгө кызыкдар экендиктери айтылды.

Көп тараптуу кызматташтык жаатында Кулубаев пакистан тарабына Кыргызстандын 2026-жылы ШКУга төрагалык кылары жөнүндө маалымат берип, Пакистандын активдүү катышуусуна жана колдоосуна үмүт артты.

Жолугушуунун жыйынтыгында президент Садыр Жапаровдун мамлекеттик сапары кыргыз-пакистан алакаларын бардык багыттарда чыңдоо жана кеңейтүүдө жаңы этап болоруна жалпы үмүт билдирилди. Анда эки өлкөнүн ар тараптуу мамилелерди мындан ары да туруктуу түрдө тереңдетүү боюнча ишти улантууга даяр экендиктери тастыкталды.