Бишкек, 19.11.26. /Кабар/. Кыргызстандагы салык саясатынын бизнес үчүн түзгөн мүмкүнчүлүктөрү инвестиция тартууга жана ишкерликти өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт. Бул тууралуу “RSM Кыргызстан Аутсорс” компаниясынын директору Гүлсаара Атанова Бүткүл дүйнөлүк ишкер аялдардын күнүнө карата уюштурулган иш-чарада “Кабар” агенттигине билдирди.
Анын айтымында, Экономика жана коммерция министрлиги бизнес өкүлдөрүнүн сунуштарын колдоп, ишкерлик үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө аракет кылып жатат.
“Министрлик ишкерлердин үнүн жеткирүүчү негизги тараптардын бири болуп саналат. Алар Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгелерин колдоп, инвестиция тартууга жана бизнести өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүп келет. Кыргызстанды башка өлкөлөр менен, анын ичинде КМШ мамлекеттери менен салыштырганда, бизде салыктардын жеңилдетилген ставкалары төмөн. Бул инвесторлорду тартууга жана бизнести өнүктүрүүгө шарт түзөт”, - деди ал.
Ошондой эле ал акыркы жылдары өлкөнүн экономикасында өсүш байкалып жатканын белгиледи. Анын пикиринде, экономикалык өзгөрүүлөр жана ишкерликти колдоо багытындагы аракеттер бизнес чөйрөсүнүн өнүгүшүнө таасир этүүдө.
Мындан тышкары, аялдардын ишкерлигине көңүл бурулуп, алардын эмгегинин бааланышын маанилүү көрүнүш катары белгиледи.
“Аялдарды колдоо жана алардын эмгегин баалоо — өлкө жетекчилиги менен Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан жасалып жаткан жакшы ишарат. Мындай иш-чарага чакырылганыбыз биз үчүн жагымдуу болду. Аял ишкерлерге көңүл бурулуп жатканына кубанычтамын”, - деди ал.