Ишкерлер чамдагыла! “Ала-Тоо Резорт” тоо-лыжа курортундагы жер тилкелеринин аукционуна саналуу күндөр калды

Туризм Загрузка... 11 Июль 2025 11:44
WhatsApp Image 2025-07-11 at 11.43.36 (1).jpeg

Бишкек, 11.07.25 ./Кабар/. “Ала-Тоо Резорт” тоо-лыжа курортундагы жер тилкелеринин аукционуна саналуу күндөр калды. Аукцион 15-16-17-18-июль күндөрү өтөт.

“Ала-Тоо Резорт” мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы “Ала-Тоо Резорт” ири курорттук аймактын курулушунун биринчи этабын ишке ашыруу максатында “Жыргалаң” тоо-лыжа курортунун төмөнкү бөлүгүндөгү жер тилкелери аукционго коюлган.

Буга байланыштуу атамекендик жана чет элдик инвесторлордун ачык аукционго катышууга мүмкүнчүлүктөрү бар. Алар жер тилкелерине 3-4-5 жылдыздуу мейманканаларды, коттедждерди, этно-таунхаустарды, ресторан, кафе, SPA-комплекс жана башка коммерциялык объекттерди салышы керек.

Аукционго 6,5 гектарды түзгөн жер аянты коюлууда. 49 лотто 216 чарчы метрден 15 660 чарчы метрге чейинки жер тилкелери бар. Алардын баасы 3 млн 067 миң 200 сомдон тартып 336 млн 960 миң сомго чейин болот. Курулуш объекттерин инвестор 2 жыл ичинде пайдаланууга бериши зарыл.

Жер тилкелери боюнча кененирээк маалыматтар https://auctionetp.gov.kg электрондук соода аянтчасында белгиленген.

Аукционго катышам деген каалоочулар “Ала-Тоо Резорт” ишканасы менен биргеликте жер тилкелери менен жеринде таанышса да болот.

Аукцион онлайн түрдө https://auctionetp.gov.kgэлектрондук соода аянтчасында өткөрүлөт. Билдирмелер 18-июндан бери кабыл алынууда. Аукцион 15-18 июль күндөрү уюштурулат. Катышуучулар https://auctionetp.gov.kg аянтчасында катталып, тиешелүү документтерди тиркеши шарт. Ошондой эле талапкер кепилдик каражатты төлөшү кажет, ал лоттун баштапкы баасынын 10%ын түзөт.

Аукциондон уткан чет элдик инвесторлорго жер тилкелери 49 жылга чейин убактылуу пайдаланууга берилет.

Кененирээк маалымат алуу үчүн кызыккандар 0312 61 41 79, 0557 337723,0312 614159, 0554660014 телефондоруна байланышса болот.

Белгилей кетсек, “Ала-Тоо Резорт” тоо кластери – экономикалык өсүштү, инфраструктуралык өнүгүүнү жана жаңы жумуш орундарын түзүүнү, жеке капиталды жана технологиялардын келишин, өлкө бюджетине салыктык түшүүлөрдүн көбөйүшүн камтыган мамлекеттик маанидеги ири долбоор. “Ала-Тоо Резорт” тоо-лыжа курорту Борбор Азияда эң ири курорттордун катарын толуктамакчы. Анда трассанын узундугу 250 чакырымга жетет. Жыл сайын эс алуу аймагына 2 млн турист келет деп айтылууда. 4600дөн ашык жумуш оруну түзүлөт.