"Ала-Тоо Резорттун" ачылыш аземи шоу-концерт менен коштолот

Туризм
"Ала-Тоо Резорттун" ачылыш аземи шоу-концерт менен коштолот
"Ала-Тоо Резорттун" ачылыш аземи шоу-концерт менен коштолот
Алдыга
Артка
"Ала-Тоо Резорттун" ачылыш аземи шоу-концерт менен коштолот
"Ала-Тоо Резорттун" ачылыш аземи шоу-концерт менен коштолот
Алдыга
Артка

Бишкек, 19.11.26. /Кабар/. 1-декабрда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Жыргалаң айылында "Ала-Тоо Резорт" жыл бою иштей турган тоо кластеринин биринчи этабынын салтанаттуу ачылышы өтөт.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиген билдиришкендей, курорттун ачылышы Кыргызстандын туристтик тармагы үчүн маанилүү окуя болуп, тоо туризмин өнүктүрүүгө, инвестиция тартууга жана аймактар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган масштабдуу улуттук долбоордун ишке ашуусунун башталышын белгилейт.

"Салтанаттуу ачылыш аземи 1-декабрда саат 13:00дө башталып, андан соң концерттик программа тартууланат. Сахнада француз ырчысы Willy William, түрк диджейи Berat Mert Demir, белгилүү Morandi тобу, казакстандык ырчы Кайрат Нуртас, Irina Kairatovna тобу, Бегиш, Jax жана DJ King Macarella өнөр көрсөтүшөт",-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, "Ала-Тоо Резорт" тоо кластери президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда ишке ашырылууда. Долбоор Жыргалаң, Ак-Булак жана Боз-Учук аттуу үч тоолуу аймакты бириктирет. Кластердин жалпы аянты 4 миң гектарга жакын болуп, курорт деңиз деңгээлинен 2 миңден 3,5 миң метрге чейинки бийиктикте жайгашат.

Маалымат үчүн: "Ала-Тоо Резорт" жыл бою иштейт. Кышкы сезондо туристтерге лыжа тебүү, сноуборд жана активдүү эс алуунун башка түрлөрү сунушталат. Жай мезгилинде курорт экотуризмди, тоо маршруттарын, сейилдөөлөрдү жана аймактын жаратылыш кооздуктары менен таанышууну өнүктүрүүчү жайга айланат. "Ала-Тоо Резорт" тоо кластеринин биринчи этабынын ачылышы Кыргызстандын жыл бою тоо туризминин эл аралык багыты катары өнүгүүсүнө маанилүү кадам болот.