Бишкек, 17.11.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча кеңейтилген комитетинин жыйынында 2027-жылга карата республикалык бюджеттин долбоорун тааныштырды.
Өз сөзүндө минкаб башчысы масштабдуу инвестициялык долбоорлор өлкөнүн транспорттук байланышын кеңейтүүгө, энергетикалык коопсуздукту чыңдоого жана аймактарда жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталганын белгиледи.
"Ишкердикти жана айыл чарбасын колдоого субсидия түрүндө 5,3 млрд сом каралган. Жергиликтүү бюджеттерге трансферт түрүндө 19,4 млрд сом жана үлүштүк грант түрүндө 1,8 млрд сом бөлүнөт. Жергиликтүү бюджеттерге трансферт түрүндө 19,4 млрд сом жана үлүштүк грант түрүндө 1,8 млрд сом бөлүнөт. Бааларды турукташтырууга 5 млрд сом, Турукташтыруу фондуна 20 млрд сом каралган", - деди ал.