2026-жылдын январь–октябрь айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын ички дүң продукциясынын көлөмү 1 трлн 866 млрд 416,1 млн сомду түздү. Бул былтыр ушул мезгилге салыштырмалуу 10,5 пайызга көп. Кыргызстан өткөн 9 айда ЕАЭБ ичинен социалдык-экономикалык өсүштүн жогорку темпин камсыз кылды. Өлкө ИДПнын өсүшү, өнөр жай, инвестициялар, курулуш тармагы жана чекене соода сыяктуу негизги көрсөткүчтөр боюнча биримдиктин ичинен алдыңкы позицияга чыкты.
Экономикадагы өсүш ыргагы: Кыргызстан алдыда
ИДПнын өсүшүн товар өндүрүү тармактары, кызмат көрсөтүү чөйрөсү жана продуктуларга салынган таза салыктар камсыз кылды. ИДПнын жалпы көлөмүнүн 48,9 пайызы кызмат көрсөтүүлөргө, 36 пайызы товар өндүрүү тармактарына, ал эми 15,1 пайызы продукцияларга салынган таза салыктарга туура келди.
Өнөр жай
Он айда өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмү 770 млрд 912,8 млн сомду түздү. Бул көрсөткүч 2025-жылдын январь–октябрь айларына караганда 5,2 пайызга өстү.
Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүнүн өсүшүнө төмөнкү багыттар олуттуу таасирин тийгизди:
- химиялык продукцияларды өндүрүү - 2,4 эсеге;
- кайра иштетилген мунайзатын өндүрүү -1,8 эсеге;
- жыгачтан жана кагаздан жасалган буюмдарды өндүрүү, полиграфиялык продукцияларды чыгаруу - 36,5 пайызга;
- транспорт каражаттарын өндүрүү - 38,3 пайызга;
- курулуш материалдарын өндүрүү - 29,3 пайызга;
- фармацевтикалык продукцияларды өндүрүү - 13,5 пайызга;
- тамак-аш азыктарын (анын ичинде суусундуктарды) жана тамеки буюмдарын өндүрүү - 10,1 пайызга өстү.
Ошол эле учурда 10 айдын жыйынтыгы боюнча негизги металлдарды өндүрүү көлөмү 6,1 пайызга төмөндөгөнү байкалат. Электр энергиясы, газ жана буу менен камсыздоо тармагы 7,1 пайызга өстү.
2026-жылдын 10 айында өнөр жай өндүрүшүндөгү оң динамика бир катар тармактардын өсүшү менен камсыздалды. Атап айтканда, тамак-аш жана фармацевтикалык продукцияларды, курулуш материалдарын, жыгач буюмдарын, транспорт каражаттарын жана химиялык продукцияларды чыгаруу көбөйгөн. Ошондой эле пайдалуу кендерди казып алуу көлөмүнүн өсүшү өнөр жайдын жалпы көрсөткүчүнө оң таасирин тийгизди.
Белгилей кетсек, январь-сентябрь айларында өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 685,4 миллиард сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7 пайызга өскөн.
Мында өзгөчө маанилүү жагдай - экономикалык өсүштүн сапаты. Эгерде мурун өлкөдө чийки зат өндүрүү басымдуу болсо, соңку 3 жылда аны менен катар сырьену кайра иштетип, даяр продукция чыгаруу жана экспорттоо иштери илгерилеп, экономикалык өсүш бул багытта бир кыйла туруктуу мүнөзгө ээ боло баштаганы байкалууда.
Кызмат көрсөтүүлөрдүн экономикага таасири
Үстүбүздөгү жылдын 10 айында кызмат көрсөтүү тармагы ИДПнын 48,9 пайызын камсыздап, бардык багыттар боюнча өсүштү көрсөттү. Бул тармакта соода сектору салттуу түрдө ички суроо-талаптын жогорулугу менен алдыңкы орунда.
Автоунааларды оңдоо жана тейлөөнү кошкондо, дүң жана чекене сооданын жалпы жүгүртүүсү 10 айда 1 трлн 889,2 млрд сомго жетип, өткөн жылга салыштырмалуу 4,3 пайызга өстү.
Товарлардын чекене сатуудагы сооданын көлөмү да көбөйүп, 723,5 млрд сомду түзүп, былтыркыга караганда 14,8 пайызга жогорулады.
Мейманкана жана ресторан кызматтарын көрсөткөн тейлөө ишканалары жыл башынан бери 60,4 млрд сом киреше таап, тармактын өсүшүн 7,6 пайызга камсыздашты.
Почта-курьердик кызмат көрсөтүүлөрдө эң жогорку өсүш - 12,7 пайыз менен катталды. Бул кызматтардын көлөмү 2,8 млрд сомго жетти. Мындай өсүш негизинен электрондук коммерциянын, башкача айтканда, интернет аркылуу соода жүргүзүүнүн тездик менен өнүгүүсү менен байланыштуу.
Байланыш кызматтарынын көлөмү 6,5 пайызга өсүп, 35,8 млрд сомду түздү.
Транспорттун бардык түрлөрү аркылуу жүк ташуунун көлөмү 60,7 млн тоннага жетип, 9,4 пайызга көбөйдү. Ал эми жыл башынан бери жүргүнчүлөрдү ташуу көлөмү 8,3 пайызга өсүп, 577,1 млн адамды түздү.
Негизги капиталга инвестициялар агымы
2025-жылдын 10 айына караганда, негизги капиталга инвестициялардын көлөмү быйыл кескин көбөйүп, 62,9 пайызга өстү. Мындай өсүшкө ички каржылоо булактарынын 1,6 эсеге, ал эми тышкы инвестициялардын 1,8 эсеге көбөйүшү өбөлгө түздү. Ошондой эле жагымдуу климат инвестициялык агымдын күчөшүнө негиз болуп жатканы эксперттик чөйрөдө белгиленди.
2026-жылдын башынан бери негизги капиталга салынган инвестициялардын жалпы көлөмү 422 млрд 922,4 млн сомго жетти. Үстүбүздөгү жылдын январь–октябрь айларында инвестициялардын негизги бөлүгү жалпы көлөмдүн 80 пайызы турак жай курулушуна, транспортко жана жүктөрдү сактоого, пайдалуу кендерди казып алууга, энергетикага жана билим берүү тармактарына таандык.
Евразия экономикалык комиссиясынын 2026-жылдын 9 айына карата чыгарган жыйынтыгына ылайык, Кыргызстан социалдык-экономикалык өнүгүүнүн он негизги көрсөткүчүнүн бешөөсү боюнча ЕАЭБде эң жогорку өсүштү камсыздады.
Бул көрсөткүчтөр Кыргызстандын экономикалык өсүшү бир гана тармак менен чектелбей, өндүрүш, инвестиция, курулуш жана ички керектөө сыяктуу бир нече маанилүү багытта туруктуу өсүү жүрүп жатканын айгинелейт. Өзгөчө негизги капиталга инвестициялардын жана курулуш тармагынын өсүшү көңүл бурууга арзыйт. Бул өлкөдө жаңы өндүрүштүк объектилерди курууга, инфраструктураны өнүктүрүүгө, турак жай жана коммерциялык имараттарды салууга капиталдык салымдардын көбөйүп жатканын көрсөтөт.
ЕАЭБдеги лидерлик: чоң мүмкүнчүлүк жана жаңы инвестицияларга чакырык
Кыргызстандын экономикалык өсүш темпи боюнча ЕАЭБ мүчөлөрүнөн алдыга чыгышы өлкөнүн аймактык экономикалык мейкиндиктеги позициясын чыңдоого бир топ мүмкүнчүлүк берет. ЕАЭБдин жалпы рыногу кыргызстандык өндүрүшчүлөр жана чет элдик инвесторлор үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Чет өлкөлүк инвесторлор ассоциациясынын төрагасы Кайрат Итибаев 10 айдагы оң динамика ири инвесторлордун кызыгуусун жаратарын белгиледи.
“Чет өлкөлүк инвесторлорду Кыргызстанда айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, өнөр жай, энергетика, логистика, туризм жана IT тармактарына, завод-фабрикаларды, биргелешкен ишканаларды жана экспортко багытталган долбоорлорду түзүүгө чакырабыз. Бизге капитал менен катар жаңы технологиялар, башкаруу тажрыйбасы жана эл аралык рынокторго чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн алып келген өнөктөштөр маанилүү”, - дейт Кайрат Итибаев.