Быйыл эмгек акы төлөөгө 203,5 млрд сом багытталат

Экономика
Быйыл эмгек акы төлөөгө 203,5 млрд сом багытталат
copyright icon WWW

Бишкек, 17.11.26. /Кабар/. Бюджеттик мүмкүнчүлүктөр кеңейген сайын социалдык милдеттенмелерди аткарууга өзгөчө көңүл бурулууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңеште билдирди.

Анын айтымында, 2026-жылы эмгек акы 1-апрелден жана 1-сентябрдан жогорулатылган. Эгерде 2025-жылы эмгек акы төлөөгө 140,3 млрд сом багытталса, 2026-жылы бул көрсөткүч 203,5 млрд сомго жетет.