Бюджеттин 10 айдагы кирешеси 693,8 млрд сомго жетти

Экономика
Бюджеттин 10 айдагы кирешеси 693,8 млрд сомго жетти
copyright icon WWW

Бишкек, 17.11.26. /Кабар/. Министерлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев 2026-жылдын январь-октябрь айларында республикалык бюджеттин кирешелери 693,8 млрд сомго жеткенин билдирди.

Анын айтымында, бул пландык көрсөткүчтөн 27,9 млрд сомго ашканын, чыгашалар 589,5 млрд сомду түзгөнүн билдирет.

Белгилей кетсек, бүгүн министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча кеңейтилген комитетинин жыйынында 2027-жылга карата республикалык бюджеттин долбоорун жана 2028-2029-жылдарга болжолду тааныштырды.