Бишкек, 19.11.26. /Кабар/. Курулуш материалдарын өндүрүү менен алектенип келген ишкер айым Махабат Жунусова ишкерлигин кеңейтип, жаңы өндүрүш ишканаларын ачууга даярданып жатат. Ал учурда кыш чыгаруучу заводду иштетип, автоклавдык газобетон өндүрүүчү дагы бир заводдун курулушун жүргүзүүдө. Бул тууралуу ал Бүткүл дүйнөлүк ишкер аялдардын күнүнө карата уюштурулган иш-чарада “Кабар” агенттигине айтып берди.
“Биз 2019-жылдан бери Кыргызстанда курулуш материалдарын өндүрүү боюнча иш алып барып келебиз. Азыркы учурда бизде кыш чыгаруучу завод иштеп жатат, ал суткасына 100 миңден 200 миң даанага чейин кыш чыгарат. Андан тышкары, биз өндүрүштү өнүктүрүү максатында автоклавдык газобетон чыгаруучу заводду салып жатабыз, быйыл декабрдын аягына чейин ишке кирет.
Мындан тышкары, Жети-Өгүз районуна ири долбоорду ишке ашырып жатабыз. Ал суткасына 150-200 миң даана кыш өндүрө турган, жаңы технологиялар менен жабдылган завод болот. Аны 2027-жылдын экинчи кварталында ишке берүүнү пландап жатабыз”, - деди ал.
Ишкер айым өндүрүштү кеңейтүү менен катар жаңы жумуш орундары да түзүлөрүн белгиледи.
“Азыркы учурда бир заводдо 60тан ашуун киши иштейт. Андан тышкары, вентиляциялык блокторду өндүрүүдө 10-15ке чейин жумуш орду каралган. Ал эми быйыл ишке кире турган автоклавдык газобетон заводунда 30дан ашуун жумуш орду түзүлөт. Жети-Өгүздөгү заводдо болсо 50-60 адам иш менен камсыз болот”, - деди Жунусова.
Ошондой эле ал өндүрүштү өнүктүрүүдө мамлекеттик колдоонун маанисине токтолду. Анын айтымында, 2024-жылдан тарта ишканалары мамлекеттик 100 өнөр жай ишканасын өнүктүрүү долбоорунун алкагында колдоо алып келет.
Ал белгилегендей, Байтик айыл өкмөтү, облустук жана райондук администрациялар, ошондой эле министрликтер, өзгөчө Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан ишканаларга көмөк көрсөтүлүп келет. Мамлекеттик колдоо ишкерликти жүргүзүүдө жаралган тоскоолдуктарды чечүүгө жана өндүрүш долбоорлорун ишке ашырууга өбөлгө түзүүдө.