Ири алдамчылыкка шектүү кыргызстандык Грузиядан экстрадицияланды

Укук тартиби Загрузка... 05 Февраль 2026 17:27
626115821_1220147276970989_6278833424724723669_n.jpg
copyright icon Башкы прокуратура

Бишкек, 05.02.26. /Кабар/. Ири өлчөмдөгү алдамчылык кылууга айыпталган жаран С.Т. Грузиядан Кыргызстанга экстрадицияланды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шектүү Грузиянын компетенттүү органдары менен координацияланган жана натыйжалуу өз ара аракеттенүүнүн жыйынтыгында кармалды.

Экстрадициялангандан кийин С.Т. мыйзамда белгиленген тартипте андан ары кылмыш куугунтуктоосун жүзөгө ашыруу үчүн тергөө абагына камакка алынды.

Башкы прокуратура өлкөнүн чегинен тышкары кылмыш жоопкерчилигинен качып жүргөн адамдарды издөө, кармоо жана экстрадициялоо боюнча системалуу иштерди улантууда.