Ирандын чабуулунан кийин Сауд Аравиядагы эң ири мунай заводу ишин токтотту

Дүйнө Загрузка... 02 Март 2026 15:42
LYNXNPEF1Q0XU_L.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Investing.com

Бишкек, 02.03.26 /Кабар/. Saudi Aramco компаниясы аймакка учкучсуз учак менен жасалган чабуулдан кийин Рас-Таннурадагы мунай иштетүүчү заводу ишин убактылуу токтотту. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги жазып чыкты.

Белгилей кетсек, бул ишкана Сауд Аравиядагы эң ири мунай иштетүүчү заводдордун бири болуп саналат жана суткасына 550 миң баррель чийки мунайды кайра иштетүүгө жөндөмдүү. Перс булуңунун жээгинде жайгашкан завод дүйшөмбү күнү эртең менен сактык чарасы катары токтотулган. Учурда Aramco компаниясы келтирилген чыгымды баалап жатат, ал эми объекттеги өрт чектөөгө алынды.

Мындан тышкары, дем алыш күндөрү Жакынкы Чыгышта согуштук аракеттердин башталышынан улам Лондондо мунайдын баасы дээрлик 10 пайызга кымбаттады.

Белгилей кетсек, АКШ менен Израил Иранга чабуул жасаса, Тегеран буга жооп катары аймактагы өлкөлөргө жүздөгөн ракеталарды жана дрондорду учурган.