Иран футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатка катышпайт

Дүйнө Загрузка... 12 Март 2026 09:25
WhatsApp Image 2026-03-12 at 06.25.37.jpeg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 12.03.26. /Кабар/. Ирандын футбол боюнча улуттук курама командасы 2026-жылы АКШ, Канада жана Мексикада өтө турган дүйнөлүк чемпионатка катышпайт. Бул тууралуу Ирандын спорт министри Ахмад Доньямали билдиргенин Интерфакс агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, Ирандын курамасы буга чейин турнирге жолдомо алып, Жаңы Зеландия, Бельгия жана Египет менен бир топко киргизилген болчу. Аталган топтогу бардык беттештер АКШнын аймагында өтүшү керек эле.

2026-жылкы дүйнөлүк чемпионат футбол тарыхында биринчи жолу бир убакта үч өлкөдө өтөт.

Финалдык этап июнь-июль айларына пландаштырылып, ага жалпысынан 48 команда катышат.