Азербайжан Иранды Нахчыванга дрондор менен чабуул жасады деп айыптоодо

Дүйнө Загрузка... 05 Март 2026 22:00
IMG-20260305-WA0068.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 05.03.26. /Кабар/. Азербайжан бийлиги Иранды Нахчыван автоном Республикасына дрондор менен чабуул жасады деп айыптады. Бул тууралуу өлкөнүн расмий өкүлдөрү билдиришти

Маалыматка ылайык, 5-март күнү Нахчыван аймагына төрт учкучсуз учуучу аппарат кирип келген. Алардын бири Нахчыван эл аралык аэропортунун терминалына тийип, инфраструктурага зыян келтирсе, дагы бир дрон мектептин жанына кулап түшкөн. Окуянын натыйжасында бир нече жаран жаракат алып, жарандык объектилер жабыркаганы кабарланды.

Окуянын натыйжасында бир нече жаран жаракат алып, жарандык объектилер жабыркаганы кабарланды.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев бул окуяны “террордук акт” деп атап, өлкөнүн куралдуу күчтөрүнө жогорку даярдыкта болууну тапшырды. Ошондой эле Баку Ирандан расмий түшүндүрмө талап кылды.

Ал эми Иран бийлиги бул айыптоолорду четке кагып, коңшу мамлекеттерге сокку урбаганын билдирди.

Эксперттер бул окуя Жакынкы Чыгыштагы чыңалуу күчөп жаткан учурда болуп жатканын белгилеп, аймактагы коопсуздук абалы начарлап кетиши мүмкүн экенин эскертишүүдө.