Бишкек, 11.03.26 /Кабар/. Иранга байланыштуу жаңжал дүйнөлүк экономикага олуттуу таасирин тийгизип, энергия ресурстарынын жана жер семирткичтердин баасын кымбаттатууда. Мындай кырдаал жакыр өлкөлөрдө азык-түлүк тартыштыгын жаратышы мүмкүн. Бул тууралуу Euronews кабарлайт.
Маалыматта белгиленгендей, экономикалык чыңалуунун негизги себептеринин бири Жакынкы Чыгыштагы маанилүү деңиз жолу болгон Ормуз кысыгы. Бул кысык аркылуу дүйнөлүк мунай жеткирүүлөрүнүн болжол менен бештен бири өтөт. АКШ менен Израил Иранга ракеталык сокку ургандан кийин бул аймактагы кырдаал курчуп, мунай ташуу кыйынчылыктарга туш болууда.
Адистердин айтымында, бул жагдай мунай рыногунда сунуштун азайышына алып келди. Натыйжада мунайдын баасы февралдагы баррелине 70 доллардан төмөн көрсөткүчтөн дээрлик 120 долларга чейин көтөрүлгөн. Азыркы тапта баа орто эсеп менен 90 доллардын айланасында турат. Мунайдын кымбатташы бензиндин баасына да түздөн-түз таасир этти.
Энергия ресурстарын импорттоого көбүрөк көз каранды болгон Азия жана Европа өлкөлөрү бул кымбаттоону АКШга салыштырмалуу кескин сезиши мүмкүн.
Эл аралык валюта фондунун маалыматына ылайык, мунай баасы 10%га өссө, дүйнөлүк инфляция болжол менен 0,4%га жогорулашы ыктымал.
Мындан тышкары, Ормуз кысыгы аркылуу дүйнөдөгү жер семирткичтердин 30%га жакын экспорту өтөт. Жеткирүүлөрдүн үзгүлтүккө учурашы фермерлердин чыгымдарын көбөйтүп, азык-түлүк баасынын өсүшүнө алып келет. Бул, өзгөчө айыл чарбасына көз каранды жакыр өлкөлөр үчүн олуттуу көйгөй жаратышы мүмкүн.
Ошондой эле, кырдаал дүйнөнүн борбордук банктары үчүн да кыйынчылык жаратты. Энергия ресурстарынын баасы кымбаттагандыктан инфляция өсүүдө, бирок пайыздык чендерди көтөрүү экономикалык өсүштү жайлатышы мүмкүн. Экономисттердин айтымында, жаңжал канчага созулса, анын дүйнөлүк экономикага тийгизген терс таасири ошончолук чоң болот.