Бишкек, 11.03.26. /Кабар/. Ормуз кысыгынын жабылышынан улам Иракта мунай өндүрүү күнүнө 4,3 млн баррелден 1,2 млн баррелге чейин (3,1 млн баррелге) төмөндөдү. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги Ирактын Мунай министрлигинин өкүлү Сахиб ал-Хаснавиге шилтеме берип билдиргенин Коммерсант гезити жазды.
Маалыматка караганда, өндүрүлгөн бардык мунай ички керектөө үчүн жергиликтүү мунай иштетүүчү заводдорго жөнөтүлүүдө. Ошол эле учурда Ирак экспорттук жаңы мүмкүнчүлүктөрдү, анын ичинде Иорданиянын Акаба портуна танкерлер менен жүк ташуу жолдорун изилдеп жатат.
Ал-Хаснавинин айтымында, мунай өндүрүшүнүн кыскарышы электр энергиясын иштеп чыгууда жарым-жартылай колдонулган кошумча газдын өндүрүлүшүнүн азайышына алып келди.
Өкмөт бул таңкыстыкты жоюу үчүн энергетиктерди дизель отуну менен камсыз кылууда.
Белгиленгендей, тамак бышыруу үчүн колдонулган суюлтулган газдын тартыштыгы байкалбайт.