Бишкек, 24.01.26. /Кабар/. Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы техникалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык макулдашуунун алкагында жана Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) колдоосу менен өлкөгө эл аралык эксперт Такеучи Норихико келди. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти.
Маалыматта белгиленгендей, эми эки жыл аралыгында япониялык эксперт аталган агенттикке консультациялык жана аналитикалык колдоо көрсөтөт. Анын ичинде Кыргызстандын инвестициялык саясатын өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгууга катышат.
Такеучи Норихико Япониянын Кэйо университетинин башкаруу жана саясат тармагында гуманитардык илимдер боюнча бакалавр даражасын алган.
Ал бир катар компанияларда ички жана эл аралык инвестициялык операцияларды жетектеп, стратегиялык башкаруу колдоосун көрсөткөн. Ошондой эле ишкердик өнөктөштүктөрдү өнүктүрүүгө, инвестициялык демилгелерди илгерилетүүгө жооптуу болгон.