Бишкек, 05.02.26. /Кабар/. АКШда Интерпол аркылуу издөөдө жүргөн Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Алдамчылыкка айыпталган кыргызстандык 1979-жылы туулган Ы.М.ны издөө АКШнын Ички коопсуздук министрлиги жана Иллинойс штатындагы Баңгизаттар менен күрөшүү департаменти менен биргеликте жүргүзүлдү.
Ал 2023-жылдан бери Интерпол тарабынан "Алдамчылык" беренеси боюнча кылмыш жасагандыгы үчүн эл аралык издөөгө алынган.
Тергөө материалдарына ылайык, Ы.М. мунайзаттарды сатуу менен алектенген уюмдардын биринде жетекчи кызматта иштеген А.Ч. аттуу жаран менен алдын ала сүйлөшүп алып, күйүүчү отунду уурдоого катышкан. Мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында жалпы 1536,51 тонна күйүүчү май уурдалып, 51 млн 780 миң 387 сомдук зыян келтирилген.
Учурда кармалган жаранды Кыргызстанга экстрадициялоо иштери жүргүзүлүүдө.