Бишкек, 23.12.25 /Кабар/. Индонезиянын Суматра аралында болгон катуу жаан-чачындан улам каптаган сел жана жер көчкүлөрдүн кесепетинен кеминде 1 106 адам каза болду. Дагы 175 киши дайынсыз болууда. Бул тууралуу өлкөнүн Табигый кырсыктарды башкаруу боюнча улуттук агенттигине таянып, ТАСС жазды.
Маалыматка ылайык, табигый кырсыктан 7 миңге жакын адам жаракат алган.
Индонезиянын Улуттук издөө-куткаруу агенттиги каптаган суулар ноябрдын аягынан бери токтобой жааган нөшөрлөрдөн улам чыкканын билдирди. Сел агындылары турак жайларды, жолдорду жана инфраструктураны талкалап, эң көп жабыркаган аймактарга куткаруучулар жетишпей, абалды кыйындаткан.