Бишкек, 02.02.26. /Кабар/. Индонезиянын Батыш Ява провинциясында 24-январда болгон жер көчкүнүн кесепетинен каза болгондордун саны 70 адамга жетти.
АЗЕРТАДЖ агенттиги индонезиялык маалымат каражаттарына шилтеме берип билдиргендей, издөө-куткаруу иштери уланууда. Дайынсыз жоголгондорду издөөгө оор техникалар, 800гө жакын куткаруучу жана атайын үйрөтүлгөн иттер тартылган.
Маалыматка ылайык, жабыркагандардын жалпы саны 158ди түзүп, 78 адам куткарылган, ал эми 70 киши каза болгон. Божомолдор боюнча, дагы 10 адам урандылардын астында калууда.
Батыш Ява провинциясынын Батыш Бандунг аймагындагы жер көчкүгө токтоосуз жааган нөшөрлүү жамгыр себеп болгон. Кырсык болгон аймактардан 230га жакын адам убактылуу баш калкалоочу жайларга эвакуацияланды.