Индонезияда жер көчкүдөн каза болгондордун саны 25ке жетти

Дүйнө Загрузка... 26 Январь 2026 14:24
2058737669_0_269_30.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 26.01.26. /Кабар/. Индонезиянын Батыш Ява провинциясындагы жер көчкүнүн кесепетинен каза болгондордун саны 25ке жетти. Бул тууралуу Индонезиянын Табигый кырсыктарды башкаруу боюнча улуттук агенттигине таянуу менен Antara агенттиги билдирди.

Буга чейин 17 адам каза болгону кабарланган. Маалыматка ылайык, издөө-куткаруу иштери уланууда, учурда 65 адам дайынсыз болууда. Ошону менен бирге, нөшөрлөгөн жаан, кыртыштын туруксуздугу жана кайрадан жер көчкү жүрүү коркунучунан улам издөө иштери бир нече ирет токтотулган.

Кырсык 24-январда Батыш Бандунг округунда болгон. Анда нөшөрлөгөн жаандан улам жүргөн жер көчкү Пасир Лангу калктуу конушун басып калган.