Индонезияда Марапи вулканы атылды

Дүйнө Загрузка... 17 Март 2026 09:50
WhatsApp Image 2026-03-17 at 08.54.24.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 17.03.26 /Кабар/. Индонезиянын Суматра аралында жайгашкан Марапи вулканы атылып, абага чоң көлөмдө күл көтөрүлдү. Бул тууралуу ТАСС кабарлады.

Маалыматка ылайык, вулкандан чыккан күл кратерден 1,6 миң метр бийиктикке чейин көтөрүлүп, деңиз деңгээлинен 4 491 метрге жеткени белгиленди.

Жергиликтүү тургундарга коопсуздук чараларын сактоо эскертилди. Адистер вулкандын айланасында лавалык агымдар жана ысык күл булуттары пайда болушу мүмкүн экенин билдиришти.

Марапи вулканы — деңиз деңгээлинен 2 891 метр бийиктиктеги активдүү вулкан. Ал Суматра аралынын батышындагы Барисан тоо кыркасынын түндүк-батыш тарабында жайгашкан. 2023-жылдын декабрында бул вулкандын атылышынан кеминде 22 адам каза болгон. Индонезия дүйнөдөгү эң чоң архипелагдардын бири болуп саналат.

Өлкө болжол менен 18 миң аралдан турат жана Тынч океандын "Оттуу шакеги" деп аталган сейсмикалык активдүү зонада жайгашкан. Ошондуктан бул аймакта жер титирөөлөр жана вулкан атылуулары көп катталат.

Жалпысынан Индонезияда 500дөн ашык вулкан бар, алардын болжол менен 130у активдүү деп эсептелет.