Бишкек, 23.01.26 /Кабар/. Индонезиянын Сулавеси аралындагы үңкүрдөн археологдор дүйнөдөгү эң байыркы кол трафареттери болгон сүрөттөрдү табышты. Бул тууралуу Arkeonews журналына таянып, Известия кабарлады.
Анда белгиленгендей, эл аралык изилдөөчүлөр тобу бул сүрөттөрдүн жашы болжол менен 67,8 миң жылды түзөрүн аныкташты. Буга чейин символикалык искусствонун эң алгачкы үлгүлөрү Европада пайда болгон деп эсептелип келген. Бирок Сулавесидеги бул табылга андан алда канча байыркы болуп чыгып, алгачкы адамдардын маданий жашоосу тууралуу түшүнүктөрдү түп-тамыры менен өзгөрттү.
Изилдөөлөр көрсөткөндөй, үңкүрдүн дубалдарындагы кол трафареттери жөн гана издер эмес. Бул табылгалар байыркы адамдар искусствону өздөрүнүн ким экенин, өздүгүн жана жашоодогу маанини билдирүү үчүн аң-сезимдүү колдонгонун далилдейт.
Сулавесидеги ачылыш бул аймактын адамзаттын алгачкы миграциясында маанилүү роль ойногонун да тастыктайт. Окумуштуулардын айтымында, бул аймак аркылуу өткөн байыркы адамдар буга чейин эле өнүккөн ой жүгүртүүгө жана маданий жөндөмдөргө ээ болушкан.
Өзгөчө көңүл бура турчу жагдай - трафареттердеги айрым манжалардын адаттан тыш формасы. Айрым сүрөттөрдө манжалар ичкерип же өзгөртүлүп берилген. Изилдөөчүлөр бул көрүнүш кокустук эмес, атайын жасалган деп эсептешет жана бул ошол кездеги сүрөтчүлөрдүн ортосунда жалпы маданий салттар болгонун көрсөтөт.
Сулавесидеги кол трафареттери — искусствонун адамдар үчүн байланыш жана өздүгүн билдирүү каражаты катары колдонулганын далилдеген маанилүү табылга. Окумуштуулардын пикиринде, бул ачылыш адамзат тарыхындагы искусствонун ролун жаңыча кароого мүмкүнчүлүк берет.