Индонезияда карылар үйүндө чыккан өрт 16 адамдын өмүрүн алды

Дүйнө Загрузка... 30 Декабрь 2025 09:55
WhatsApp Image 2025-12-30 at 08.55.37.jpeg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 30.12.25. /Кабар/. Индонезияда карылар үйүнөн чыккан өрт 16 адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу Анадолу агенттиги кабарлайт.

Маалыматка караганда, өрт Түндүк Сулавеси провинциясында Манадо шаарында чыккан. Окуядан 16 адам каза болуп, дагы 15 адам жаракат алып ооруканага жаткырылган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, өрткө электр зымдарынын бузулушу себеп болушу мүмкүн.

Кырсыктын жагдайларын учурда иликтөө уланууда.