Альцгеймер оорусу менен күрөшүү: Мээнин 3D модели иштелип чыкты

Дүйнө Загрузка... 22 Июнь 2026 09:10
5742a307-2f2d-47e7-b730-f215636e8b4f.jpeg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 22.06.26. /Кабар/. Индиялык окумуштуулар нейродегенеративдик ооруларды аныктоого жана дарылоого жардам бере турган мээнин 3D сүрөтүн түзүштү. Бул тууралуу Kazinform TV BRICS'ке шилтеме берүү менен жазды.

Маалыматка ылайык, Индиянын Мадрас технологиялык институтунун окумуштуулары жогорку технологиялуу визуализация жана нейросүрөттөө платформасын колдонуу аркылуу адамдын мээсинин дүйнөдөгү эң деталдуу 3D атластарынын бирин жасашты. Ал "ANCHOR" деп аталат.

Мээ организмдин иштешинде маанилүү ролду ойнойт. Ал жүлүн менен байланышта болуп, дем алуу, уйку, сергектик жана кыймыл-аракет сыяктуу маанилүү функцияларды жөнгө салат.

Индия өкмөтүнүн башкы илимий кеңешчиси Ажай Кумар Суд "ANCHOR" долбоору МРТ маалыматтарын, гистологиялык изилдөөлөрдү жана клеткалардын нейрохимиялык түзүлүшү жөнүндөгү маалыматтарды бириктирип, мээнин ар кандай деңгээлдеги комплекстүү моделин түзөрүн белгиледи.

Изилдөөчүлөр клетка түрлөрүн жана нерв тамырларын айырмалоо үчүн иммуногистохимиялык ыкмаларды колдонуу менен адамдын мээ ткандарынын жүздөгөн үлгүлөрүн изилдешкен. Бул маалыматтардын негизинде мээнин 3D моделдери адамдын өнүгүүсүнүн ар кандай этаптарында — түйүлдүк кезинен тартып чоңойгонго чейинки мезгилинде, ошондой эле ар кандай оорулар боюнча түзүлгөн.

Атлас Альцгеймер жана деменция сыяктуу неврологиялык ооруларды изилдөө, ошондой эле жаңы диагностикалык жана терапиялык ыкмаларды иштеп чыгуу үчүн колдонулушу мүмкүн.