Индияда Нипах илдети жайылууда

Дүйнө Загрузка... 25 Январь 2026 13:28
ind700.jpg
copyright icon www

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек. 25.01.26. /Кабар/. Индия бийлиги Батыш Бенгалия штатында ооругандардын саны бешке жеткенден кийин Нипах вирусунун жайылышын токтотуу боюнча чараларды көрүп жатат, деп The Independent гезити билдиргенин Интерфакс жазды.

Маалыматтар боюнча, инфекциянын биринчи учуру 19-январда катталган. Андан кийин аймактык саламаттыкты сактоо органдары тарабынан сактык чаралары көрүлүп, ооругандар менен байланышта болгон дээрлик 100 адам үй карантинине жайгаштырылды.

Оору жугузгандардын үчөө медициналык мекеменин кызматкерлери экени, алар ооруканада дарыланып жатканы айтылууда.

Нипах вирусу - өзгөчө кооптуу инфекция. Ал жаныбарлардан адамдарга жугат жана адамдардын ортосундагы тыгыз байланыш аркылуу да жугушу мүмкүн. Индияда жарганаттар вирусту таратуучулар болуп саналат. Адамдарда оору жеңил же оор формада өтүп, дем алуу органдарын да жабыркатышы ыктымал.