Бишкек, 20.04.26. /Кабар/. Индиянын Тамилнад штатындагы "Vanaja" фейерверк фабрикасында катуу жарылуу болуп, кеминде 23 адам набыт болду. Бул тууралуу India TV`га шилтеме берүү менен Kazinform жазды.
Мындан тышкары, алты киши жаракат алып, алардын төртөөнүн абалы оор деп бааланууда.
Жарылуу имараттын бир нече бөлүгүн толугу менен талкалап, коңшу курулуштарды кошо ураткан.
Фейерверктердин детонациясы токтобогондуктан, куткаруу иштери татаалдашууда. Уранды астында калгандар болушу мүмкүн.
Заводдун тиешелүү коопсуздук лицензиясы (PESO) болгон. Бул окуя региондогу жыл башынан берки эң ири өнөр жай кырсыгы деп аталды.