Индия менен Швеция биргелешип Венера планетасын изилдейт

Дүйнө Загрузка... 25 Май 2026 10:45
1920x1080.jpg
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 25.05.26. /Кабар/. Индия менен Швеция Венера (Чолпон) планетасын изилдөө багытында биргелешкен космостук миссиянын үстүндө иштеп жатышат. Бул тууралуу АЗЕРТАЖ агенттиги жазды.

Индиянын Космостук изилдөөлөр уюму 2028-жылы Венерага учкучсуз Venus Orbiter Mission станциясын жөнөтүүнү пландаштырууда. Долбоорго Швециянын Кируна шаарындагы Космос физикасы институтунун окумуштуулары да катышып, зонд үчүн атайын Venusian Neutrals Analyzer илимий жабдыгын иштеп чыгышууда.

Окумуштуулардын айтымында, миллиардаган жылдар мурун Венерада да Жердегидей эле океандар болушу мүмкүн эле. Бирок убакыттын өтүшү менен планета суусун жоготуп, анын атмосферасы Жердикине караганда 100 эсе тыгыз болуп калган. Космостук миссия эки "эгиз" планетанын эмне үчүн эки башка багытта өнүгүп кеткенин изилдейт.

Космос физикасы институтунун профессору Стас Барабаштын пикиринде, Венерадагы суунун жок болуп кетишине планетада Жердегидей күндүн радиациясынан коргой турган өздүк магниттик талаасынын жоктугу себеп болушу мүмкүн.

Шведдик окумуштуулар буга чейин да 2006-2014-жылдары Европа космостук агенттигинин Venus Express долбооруна катышкан. Андан алынган маалыматтар бүгүнкү күнгө чейин илимде колдонулуп келет.

Жаңы технология Венеранын атмосферасынын күн шамалы жана ачык космос менен болгон байланышын изилдеп, Күн системасынын эң башкы табышмактарынын бирин чечүүгө көмөктөшөт.