Бишкек, 26.01.26. /Кабар/. Индиядагы Улуттук медициналык изилдөө институтунун дарыгерлери Колката зоопаркындагы жарганаттар өлүмгө алып келүүчү Нипах вирусун ташуучулар экенин аныктоо үчүн анализ жүргүзө баштады. Бул тууралуу NDTV телеканалы билдирди.
Январь айынын ортосунда өлкөнүн чыгышындагы Батыш Бенгалия штатынын бийлиги эки медициналык кызматкер Нипах вирусун жуктуруп алганын кабарлаган. Ооругандар өздөрү иштеген Барасаттагы оорукананын изоляторуна жайгаштырылып, жасалма дем алдыруучу аппараттарга туташтырылган.
"Улуттук медициналык изилдөө институту Колкатанын түштүгүндөгү Алипур зоопаркында жарганаттар арасында ОТ-ПЦР ыкмасы менен тандалма тесттерди жүргүзө баштады. Дарыгерлер тобу зоопарктагы жарганаттардын канын жана мазокторун алышты", — деп айтылат телеканалдын маалыматында.
Ошондой эле эксперттер тобу үлгүлөрдү чогултуу үчүн штат боюнча жарганаттар байырлаган башка аймактарга да барышат.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Нипах вирусун дүйнөдөгү эң кооптуу вирустардын бири деп атайт, ага каршы дары же вакцина азырынча жок. Вирус калтыратманы (лихорадка) жана энцефалопатияны — мээ клеткаларынын жабыркашын жана өлүшүн пайда кылат. Өлүм көрсөткүчү 40 пайыздан 75 пайызга чейин жетет. Нипах вирусу аба аркылуу дээрлик жукпайт.
Вирус жарганаттар аркылуу тарайт. Адамдар адатта оорулуу жаныбардын шилекейи тийген жемиштерди жегенде жуктуруп алышат. Ошондой эле вирус үй жаныбарларына да өтүшү мүмкүн.
Буга чейин Индия бийлиги оорунун төрт ирет катталганын билдирген: 2001 жана 2007-жылдары Батыш Бенгалия штатында, 2018 жана 2019-жылдары Керала штатында.